Жогорку Кеӊеште депутаттык топтордун ишин кайрадан жөнгө салууга багытталган мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда комитеттин кароосуна жөнөтүлдү. Регламент жана депутаттык этика боюнча комитеттин төрайымы Айнуру Алтыбаеванын айтымында, мыйзам долбоору Конституциялык палатанын 2014-жылдын 24-сентябрында чыгарган чечимине ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан. Ал чечимде депутаттык топтордун парламенттик фракциядан тышкары боло албай турганы белгиленген.
Андан сырткары, регламенттеги «депутаттык иликтөө» жобосун «парламенттик иликтөөгө» өзгөртүү сунушу да талаш-тартыш жаратууда. Айрым депутаттардын пикири боюнча, анда депутаттын иликтөө укугу чектелип калат. (RK)