Кыргызстанда өкмөт кийинки кышка даярдыкты эмитен баштамай болуп жатканын вице-премьер-министр Валерий Диль билдирди. Ал 7-апрель күнү Дүйнөлүк банк өкүлдөрү менен жолугуп, энергетика тармагы жана калк суук түшкөнгө чейин отун-суу менен камсыз болуу жагын караштыра баштаганын айтты. Жолугушууда электр жана жылуулук энергиясына тарифтер, Токтогул сактагычына суу топтоо, түрдүү тобокелдиктерге даяр болуу маселелери талкууга алынды.
Адистердин айтымында, өткөн кыш анча оор болбогонуна байланыштуу энергетика тармагындагы кризистин кесепети анча байкалган жок. (RK)