Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:06

Милицияга байланыштуу чырлуу тасма тарады


Бишкекте шаар тургунуна күч колдонуп жаткан милиционерлер тууралуу видео интернетке тарады. Окуя качан болгону белгисиз. Тасмада патрулдук кызматкердин формасын кийген эки киши бир жаранды суракка алып жатканы тартылган.

Жаран документин көрсөтүүнү сураганда алар күч колдонуп, видеого тартууну токтотууну талап кылышкан.

Ички иштер министрлиги бул боюнча 8-апрелден тарта иликтөө башталганын “Азаттыкка” билдирди. (SE)

XS
SM
MD
LG