Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:18

АКШ Саудияга курал-жарак жеткирүүнү тездетет


Саудиянын Йемендеги шийит козголоңчуларына каршы абадан сокку уруп жаткан аскерий учагы
Саудиянын Йемендеги шийит козголоңчуларына каршы абадан сокку уруп жаткан аскерий учагы

Бул тууралуу Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысынын орун басары Энтони Блинкен 7-апрелде жасаган билдирүүсүндө айтты.

Америка Кошмо Штаттары Йемендеги шийит козголоңчулары - хуситтерге каршы аскерий операция өткөрүп жаткан Сауд Арабия баш болгон коалицияга курал-жарак жеткирүүнү жана жардам көрсөтүүнү тездетет.

Энтони Блинкен өз сөзүндө “муну менен хуси согушкерлерине жана алардын союздаштарына Йеменди күч менен басып алуу мүмкүн эмес деген ишенимдүү белги жасалууда” деп белгиледи.

Ал бул билдирүүнү Сауд Арабиянын борбору Эр-Риядда өлкөнүн коргоо министри Мохаммед бин Салман жана башка расмий өкүлдөр менен жолугушкан соң жасады.

Ошондой эле Блинкен АКШ “Сауд Арабиянын оперативдүү борборунда бирдиктүү координациялык бөлүм” түзүшкөнүн жарыялады.

Вашингтон Бириккен Араб Эмираттарына жогорку тактыктагы ок- дарыларды жеткирет, ал жактан курал-жарак коалициянын башка мүчөлөрүнө бөлүштүрүлөт. Бул тууралуу Франц Пресс агенттиги АКШнын коргоо мекемесинин өкүлүнө шилтеме берип маалымдады.

XS
SM
MD
LG