Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:27

Мустафаев журналист Исмаиловага каршы арызын кайтарып алат


Хадижа Исмаилова жана анын адвокаты Элтон Гулиев
Хадижа Исмаилова жана анын адвокаты Элтон Гулиев

Камактагы азербайжандык журналист Хадижа Исмаилованын үстүнөн сотко арызданган Турал Мустафаев арызын кайтарып алуу үчүн Башкы прокуратурага кайрылды.

Ал "Азаттык" радиосунун азери кызматына өткөн жылы кабылган стресстин айынан журналистке каршы арыз жазганын, эми Хадижа менен элдешүүнү каалап жатканын айтты.

Исмаилова өткөн жылдын 5-декабрында Мустафаевди өз өмүрүнө кол салууга жеткирген деген айып менен камалган. Буга чейин журналисттик иликтөө менен алектенип, "Азаттыктын" азербайжан кызматы менен иштешип келген Хадижа Исмаилова бул айыпты четке кагып, иштин саясий мүдөөсү бар экенин айтууда. Ал камакка алынган соң “Азаттыктын” Бакудагы кеңсесинде текшерүү жүргөн.

Февраль айында Исмаиловага салык төлөөдөн качкан, мыйзамсыз ишкердик менен алектенген жана кызматынан кыянаттык менен пайдаланган деген жаңы айыптар тагылган.

Мартта Баку соту журналисттин камактагы мөөнөтүн 24-майга чейин узарткан.

Эл аралык уюмдар Хадижа Исмаилованын камалышын сынга алып, бул расмий Бакунун активисттерди жана көз карандысыз журналисттерди коркутуу максатында жасалган кезектеги компаниясы экенин билдирген.

XS
SM
MD
LG