Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:45

Нью-Йорк биржасында мунайдын баасы кескин арзандады


Техастагы мунай өндүрүү
Техастагы мунай өндүрүү

Шаршембиде Ньй-Йорктогу товар биржасында мунайдын баасы 6% арзандады. Бул АКШдагы нефтинин кору 1930-жылдардан берки эң жогорку чегине жеткендиги менен байланыштырылууда. Мунайдын баррели 50 доллар 42 центке түштү. Эксперттердин белгилөөсү боюнча, буга мунай өндүрүүчүлөрдүн көп болуп жатканы себеп. АКШда мунай өндүрүү акыркы он жылдыктагы рекорддук деңгээлде келе жатат. Эл аралык энергетика агенттигинин божомолу боюнча бул деңгээл июнь айынан тартып төмөндөшү мүмкүн. Анткени мунай баасынын арзандашынан улам сланец мунайын өндүрүү азаюусу күтүлүүдө.

Ошондой эле мунайдын баасы доллардын курсу бекемделип жатканына да байланыштуу болушу айтылып жатат.

XS
SM
MD
LG