Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:02

УОК: Бийлик курултайга бут тосууда


Улуттук оппозициялык кыймылдын 11-апрелге Жалал-Абад шаарында белгиленген курултайына даярдануусун ИИМ менен УКМК кызматкерлери көзөмөлгө алууда. Бул тууралуу аталган кыймылдан кабарлашты. Ал тараткан билдирүүдө оппозиционерлер - Кубанычбек Кадыров, Уран Ботобеков, Улукбек Маматаев жана Бектур Асановдун артынан "күч кызматкерлери текшерип, каерге барып, ким менен жолукканына чейин аңдып жатат". Ошондой эле алар бийлик өкүлдөрү элди курултайга катышпоого үндөп жатканын айтууда.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет оппозициянын бул билдирүүсү чындыкка жатпасын билдирди. Ал эми милиция коомдук коопсуздук көзөмөлгө алынарын, бирок курултайга каршы аракеттер жок экенин белгилөөдө.

Кубанычбек Кадыров “Азаттыкка” кабарлагандай, курултай 11-апрелде саат 12:00дө Жалал-Абаддагы “Телтору” ат майданында башталат. (SE)

XS
SM
MD
LG