Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:52

Нарында троллейбуста акысыз жүрүү акциясы өтөт


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Нарын казыяты жана “Адеп башаты” фондунун облустагы өкүлчүлүгүнүн демилгеси менен Мухаммед пайгамбардын туулган күнүнө карата уюштурулган мавлид кечесинин алкагында 9-10-апрель күндөрү Нарын шаарынын тургундары троллейбуста акысыз жүрөт. Бул тууралуу "Азаттыкка" казыяттан кабарлашты.

Эки күндүк акцияда жүргүнчүлөргө таттуу таркатылат. Казыят ар бир троллейбуска бир күн үчүн 1000 сомдон төлөп берди. Элди 3 троллейбус тейлейт.

Андан сырткары 9-10-апрелде Нарын музыкалык драма театрында мавлид кечеси уюштурулуп, ага белгилүү акындар катышат.

Мухаммед пайгамбардын туулган күнү апрелдин экинчи жумасында белгиленет. (MiK)

XS
SM
MD
LG