"Кыргызалтын" ишканасынын жетекчиси Токон Мамытов кызматтан кетиши ыктымал экенин бүгүн "Азаттыкка" билдирди:
- Мени иштен бошотууну сурангым келген маал болгон, бирок азыр кырдаал өзгөргөндүктөн мындай маселе жок. Кумтөр кенинин тегерегинде окуялар өтө тез өнүгүүдө. Андыктан, эгер эртең менин позицияма дал келбеген жагдай түзүлсө отставкага кетем, - деди Мамытов.
Жогорку Кеңеш Кумтөр маселесин бүгүн саат 14:00дө карамай болду. Мындай чечим көпчүлүк добуш менен кабыл алынды. Ага чейин айрым депутаттар аны кийин караш керек деген сунушун айтып, өкмөт өкүлү премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн бош эмесин билдирген болчу.
Кумтөр долбоору боюнча быйыл февралда өкмөткө берген тапшырмасынын аткарылышын парламент бүгүн карайт.
Жогорку Кеңеш 26-февралдагы жыйынында өкмөткө бир ай ичинде Кумтөрдө биргелешкен ишкана түзүү боюнча келишимди, ал болбосо улутташтыруу боюнча мыйзам долбоорун алып келүү тапшырмасын берген.
7-апрелде Оторбаев Кумтөрдө үлүшү теңме-тең болгон биргелешкен ишкана түзүү пайдасыз экенин, аны улутташтыруу демилгеси да начар сунуш экенин белгилеген. Кумтөр мурунку бойдон иштей бериши керектигин кошумчалап, эгер кимдир бирөө башка оптималдуу вариант сунуштаса, ошол адамга ордун бошотуп берүүгө даярдыгын билдирген. (BK/RK)