Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:14

Коогада каза тапкан милиционердин үй-бүлөсүнө батир берилбей жатат


Жогорку Кеңеш депутаты Чолпон Султанбекова 2010-жылдагы Июнь коогасында мерт кеткен милиционер Зайридин Кожоновдун үй-бүлөсүнө ушул күнгө чейин батир берилбей жатканын айтты. Маалыматка ылайык, Кожоновдун жубайы төрт баласы менен Бишкекте ижара үйдө жашайт. Депутат үй берүү боюнча комиссия текшерүү жүргүзүп келатканын, бирок натыйжасы жок экендигин белгиледи.

Кожонов кызмат учурунда мерт кеткени буга чейин атайын иликтөөнүн негизинде аныкталган. Маселени Ички иштер министрлигинин комиссиясы да карап жатат. (KE)

XS
SM
MD
LG