Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:22

Зулпукаров: Мени каралагандарды сотко берем


Жогорку Кеңештин вице-спикери Төрөбай Зулпукаров аны кыз зордуктаган деп айыптап гезитке жазып чыккандарды сотко берет. Бул тууралуу ал бүгүн парламенттин жыйынында айтты.

- Макала тергөөнүн материалдарына таянып гана жазылган. Бул жалган маалымат. Ал макаланы башка гезиттерге да сунушташкан, бирок алар жалган экенин көрүп албай коюшкан. Соттон бул маселе сөзсүз ачыкка чыгат, - деди Зулпукаров.

"Искра" гезитинин акыркы санына Зулпукаров 1997-жылы кыз зордуктаганы жөнүндө макала жарыялаган. Гезиттин редактору Адилет Айтикеев бул үчүн күч органдарынан тийиштүү документтер алынганын билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG