Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:17

Бабанов: Конституция радикалдуу өзгөртүүгө муктаж


Кыргызстандын Конституциясын радикалдуу түрдө өзгөртүш керек. Мындай пикирин бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйынында "Республика Ата-Журт" партиясынын теңтөрагасы Өмүрбек Бабанов билдирди.

Ал Кыргызстан же президенттик, же парламенттик башкарууну так тандап алышы керектигин, премьер-министрдин ролун күчөтүп, ал министрлерди өзү тандай тургандай укукка ээ болуусу, ал эми өкмөт башчыны кызматтан алууну татаалдатуу зарылдыгын айтты. "Премьер-министрди иштен алуу үчүн парламенттин 3/2 добушу керек" дейт Бабанов.

Ошону менен катар Бабанов депутаттын мандатын фракция өзү ала алчудай норманы киргизүү керек экенин да кошумчалады.

Бабановдун пикиринде, министрликтердин санын 12ден ашырбоо зарыл. (AiT/RK)

XS
SM
MD
LG