Европа парламентинин өкүлдөрүнүн катышуусунда "Европа Биримдиги - Кыргыз Республикасы" аттуу жыйында эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө маселеси каралууда. Отурумда Каржы жана Экономика министрликтеринин өкүлдөрү Европа Биримдигинин Кыргызстанга көрсөтүлүп жаткан каржылык көмөгүн пайдалануу боюнча баяндама жасады.
Европалык делегацияны 8-апрелде Европарламенттин Борбор Азия мамлекеттери жана Монголия менен кызматташуу тобунун төрайымы Ивета Григуле жетектеп келген.
Алар президент Алмазбек Атамбаев жана өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев менен да жолукту.
Каржы министрлигинин маалыматы боюнча 1996-2014-жылдар аралыгында Европа парламенти аркылуу Кыргызстанга 162 миллион грант келген.(SE)