Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:17

Француз телеканалы ИМ тобунун хакердик чабуулуна туш болду


Чабуулдан улам "TV5Monde" башкарган 11-канал обого чыкпай калды
Чабуулдан улам "TV5Monde" башкарган 11-канал обого чыкпай калды

Өзүлөрүн экстремисттик топко тиешеси бар деп тааныштырган хакерлер тобу өлкөдөгү ири "TV5Monde" телекомпаниясынын медиканалдарына чабуул жасап, көзөмөл орнотту.

Компаниянын башкы директору Ив Биго 9-апрелде жасаган билдирүүсүндө "TV5Monde" компаниясынын 11-каналы обого чыгуусун токтотконун, телеканалдын сайтында жана социалдык тармактардагы баракчасында “Ислам мамлекетинин” кайрылуусу чыгып жатканын айтты.

Учурда сайтта "Je Suis IS" же “мен - Ислам мамлекети” деген жазуу турат.

Өзүлөрүн “Киберхалифат” деп атаган хакерлер тобу “Ислам мамлекети” радикалдык уюмунун душмандарына каршы “кибержихад” жүргүзүп жатканын жарыялаган. Алар кайрылуулардын биринде Франция президенти Франсуа Олланд Сирия жана Ирактагы согуш талааларына француз аскерлерин жиберүү менен “кечирилгис ката” кылганын жазышты.

Өлкөнүн премьер-министри Мануэль Вальс чабуулду “сөз эркиндигине жана маалыматка карата жасалган акылга сыйбас акаарат келтирүү” деп атады.

Ирак жана Сирияда АКШ баш болгон коалиция күчтөрү күздөн бери радикалдык топтун турумдарына абадан сокку уруп келет.

XS
SM
MD
LG