Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:16

“Ислам мамлекети” тобу бир нече мунай кенинен ажырады


Ирак армиясынын аскери
Ирак армиясынын аскери

Ирактагы “Ислам мамлекети” радикал тобу бир нече ири мунай кенин колунан чыгарып, маанилүү кирешесинен ажыраганын Германиянын Sueddeutsche Zeitung басылмасы жазып чыкты.

Гезит германиялык чалгындоо кызматына шилтеме жасап белгилегендей, бир күн мурда расмий Багдад өткөн жылы экстремисттик топ басып алган төрт ири мунай чыккан жердин үчөөнү кайтарып алды.

Шейшембиде Ирак армиясынын контроперациясы маалында “Ислам мамлекетинин” экстремисттери Химрин жана Ажил мунай кендерин таштап кетүүгө мажбур болгон. Учурда Ирактын түндүгүндөгү Кайара мунай кени экстремисттердин колунда, бул жерден суткасына 2 миң баррел кара май өндүрүлөт.

Кечээ күнү өкмөттүк күчтөр Анбар провинциясын экстремисттерден кайтарып алуу аскерий операциясын баштады.

XS
SM
MD
LG