Линктер

жекшемби, 25-июнь, 2017 Бишкек убактысы 06:19

Ооганстанда сот имаратына чабуул жасалды


Ооган аскерлери

Ооганстандын түндүгүндөгү Мазари-Шариф шаарындагы сот имаратына үч куралчан согушкер кол салды.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосуна маалым болгондой, согушкерлер менен имарат ичиндеги коопсуздук күчтөрүнүн атышуусунан эки полиция кызматкери набыт болду. Он прокурор барымтага алынды. Кол салгандар аскер кийимчен экени кабарланууда.

Жергиликтүү дарыгерлердин айтымында, жети адам, анын ичинде бир наристе оор жараат менен ооруканага түштү.

Бир күн мурда өлкөнүн чыгышындагы Жалал-Абад шаарында ооган аскери америкалык жоокерди атып өлтүргөн.

АКШнын коргоо министри Эштон Картер “Чабуул Ооганстан мурдагыдай эле кооптуу өлкө экенин эске салды” деп билдирди.

АКШнын жана эл аралык коалициялык күчтөрдүн Ооганстандагы 11 жылга созулган аскерий миссиясы өткөн жылдын соңунда расмий аяктап, аскерлердин көбү чыгарылып кеткен.

2015-жылдын башына карата Ооганстанда армияны машыктыруу үчүн коалициялык күчтөрдүн тогуз миңдей аскери калган.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG