Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:24

Оторбаев: Мүлк фондуна өкүл баламды дайындаганым чын


Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев өкүл баласы Азамат Абдыбекти Мамлекеттик мүлк фондунун жетекчисинин милдетин аткаруучу кылып дайындаганын бүгүн парламентте билдирди. Азамат Абдыбек мурда аталган фонд башчысынын орун басары болчу.

-Ал менин өкүл балам экени чын. Бирок карьерасын өзү жасаган. Мыйзамда өкүл балдар дайындалбасын деген тыюу жок,- деди Оторбаев.

8-апрель күнү Мамлекеттик мүлк фондунун жетекчиси Дүйшөн Ирсалиев кызматтан убактылуу четтетилгенин айткан. Ал "Центерранын" директорлор кеңешине тандалып жаткан адамдар Кыргызстандын кызыкчылыгын коргошуна ишенбестигин билдирип, өкмөт башчы сунуштаган чет элдик жарандардын талапкерлигин "Центерранын" директорлор кеңешине киргизүүдөн баш тартканын маалымдаган.​ (EBM\SE)

XS
SM
MD
LG