Ош облустук Ички иштер башкармалыгы аймакта кыз ала качуу боюнча милицияга быйылкы жылдын алгачкы чейрегинде бир да кайрылуу түшпөгөнүн билдирди. Аялдардын көйгөйү менен иштеген “Ак жүрөк” кризистик борборунун жетекчиси Дарика Асилбекова да кыздарды ала качуу аркылуу никеге тургузган окуялар азайып баратканын “Азаттыкка” айтты.
Аталган борбор Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн аймагында кыз ала качууга каршы пилоттук долбоор баштаган. Анын алкагында айылдарда адистер жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана активисттер менен кошо түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт. Айыл өкмөт аймагында үч ирет кыз ала качууга даярданып жаткандар токтотулган.
Борбордун иликтөөсү боюнча, буга чейин жыл сайын ар бир айылда 15-20 ала качуу фактысы катталчу. (YI)