Күйөөсү, белгилүү реппер Канье Уэст, сиңдиси Хлое жана кичинекей кызы коштоп келген Кимди Ереван аэропортунда 9-апрель күнү экономика министринин орун басары Сергей Аветисян, ондон ашуун журналист жана күйөрмандары тосуп алды.
Ким Кардашян тарыхый мекени Арменияга Осмон империясынын тушунда армяндардын массалык кырылышынын 100 жылдыгына арналган эскерүү иш-чарасына катышуу үчүн келди.
Ал Еревандан “Кардашяндардын үй-бүлөсү” деген реалити-шоунун кезектиги эпизоддоруна тартылат. Кардашяндын чоң аталары 19-кылымдын соңунда Армениядан АКШга көчүп кеткен.
Ал социалдык тармактардан ушул күнгө чейин Түркия тааныбай келген армян геноциди боюнча өз ойлорун активдүү билдирип келет.