Ош шаарындагы оппозиционерлерге кол салуунун артында бийлик турат деген пикирди Улуттук оппозициялык кыймылдын мүчөсү Төлөгөн Келдибаев “Азаттыкка” билдирди:
-Чагымчылдык кылып атышабы, бийлик атайылап атабы белгисиз. Бийлик ушундай жол менен бийликти сактап калабыз дешсе терең жаңылышат. Бийликти мындай кылып сактабайт.
9-апрель күнү кечки саат 9дар чамасында оппозиция мүчөлөрү Ошто Абдылда Капаров аттуу кишинин үйүндө конокто отурушкан учурда 100 чакты белгисиз жигиттер келип, кол салышкан. Дастаркондорду чачып, оппозиционерлерге кол көтөрүп, кийим-кечелерин тытып салышкан. Кол салгандар УОКтун саясий кеңешинин мүчөлөрү Кубанычбек Кадыровду, Бектур Асановду жана Улукбек Маматаевди сүйрөп алып чыгып кетишкен, кайда алып кеткени белгисиз. Оппозиционерлер отурган үй Ош шаардык милициянын жана УКМКнын Ош облустук башкармалыгынын имаратынан 100 метрдей, Ош шаардык кайгуул-күзөт кызматынын имаратынан 50 метрдей аралыкта, бир көчөдө жайгашкан. Үйдө көзөмөл камералар болгон эмес. Үйгө тобу менен бастырып кирген жигиттер жүздөрүн жашырышкан эмес. Окуянын күбөлөрү алардын айрымдарын тааный турганын айтышууда.
Бул окуя боюнча азырынча бийлик эч кандай маалымат бере элек.(YI;ZKo)