Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:28

Батыш Европа өлкөлөрү Орусия коркунучуна каршы турууга даяр


Батыш Европа өлкөлөрүнүн коргоо министрлери бейшембиде Осло шаарына чогулуп, Орусиядан келүүчү коркунучтарга каршы байланыштарды бекемдөө тууралуу айтылган декларацияны кабыл алышты.

Reuters жазгандай, Швеция, Норвегия, Финляндия, Дания жана Испаниянын коргоо министрлеринин биргелешкен билдирүүсүндө “Орусия Европага чакырык таштады, Орусиянын лидерлери өздөрүнүн саясий максатына жетүү үчүн аскер күчтөрүн колдонууга даяр экенин көрсөттү. Орусиянын бул аракеттери Европанын коопсуздугу үчүн чоң коркунуч туудурат” деп жазылган.

2014-жылы Украинанын курамындагы Крым Орусия тарабынан аннексияланып алынган. Украинанын чыгышындагы Донецк, Луганск облустары орусиячыл жикчилдердин көзөмөлүндө.

XS
SM
MD
LG