Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:18

9-Май: 10 миң сомдук жардам быйыл ардагерлердин жесирлерине да берилет


Жеңиш күнүнө карата бир жолу бөлүнүүчү каражат быйыл биринчи жолу согуш ардагерлеринин жесирлерине да берилет. Бул тууралуу бүгүн Социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.

Буга чейин мындай жардам ардагерлерге гана берилчү.

Президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгына ылайык, быйыл Жеңиш күнүнө карата согуштун катышуучуларына ар бирине 10 миң сомдон берилет деп жарыяланган. Мурдагы жылы 3, ал эми былтыр 6 миң сомдон берилген болчу.

Бүгүнкү күндө 1941-1945-жылкы согушка катышкан 365 миң кыргызстандыктын 1200гө жакыны гана калды. Ардагерлердин жесирлеринин саны 4 миңден ашат. (RK)

XS
SM
MD
LG