Ош шаарындагы айрым коомдук уюмдардын өкүлдөрү 9-апрель күнкү оппозиция өкүлдөрүнүн окуясына байланыштуу бүгүн маалымат жыйын курушту. Алар муну оппозициянын ич ара жаңжалы деп аташты. “Буга бийликтин тиешеси жок” деп билдирүү жасалган маалымат жыйынды ооган согушунун Ош облустук кеңешинин төрагасы Беделбай Маматов, “Ош шейиттери” коомунун өкүлү Насипа Жанызакова жана башка шаар тургундары уюштурду.
Оппозициядагылардын айтымында, 9-апрель күнү кечинде алар Ош шаарында конокто отурган үйгө белгисиз кишилер бастырып кирип, кол салган жана УОК кыймылынын лидерлери Бектур Асанов, Улукбек Маматаев менен Кубанычбек Кадыровду белгисиз жакка алып кетишкен. Бирок кийинчерээк алар такси менен Жалал-Абадга кеткени маалым болгон.
Ош шаардык милициясы окуя болду деген Алиев көсөсүндөгү 106-үйдө жаңжалдын изи катталган эместигин, иликтөө жүрүп жатканын билдирген. (YI)