Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:00

Акыйкатчы: Оппозициянын коопсуздугун камсыз кылуу керек


Кыргызстандын акыйкатчысы Бакыт Аманбаев оппозиция өкүлдөрүнүн Оштогу окуясын дыкат териштирүүнү талап кылган билдирүү таратты. Ал Конституциянын 30-беренеси бузулганын айтып, ар бир жаран үй-жайынын кол тийбестик укугуна ээ экенин эскертти.

Акыйкатчы ИИМ жана Башкы прокуратура жетекчилигине кайрылып, оппозиционерлер Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров жана Улукбек Маматаевдин коопсуздугун камсыз кылып берүүнү талап кылды.

Акыйкатчынын өкүлдөрү кечээ күнкү окуяга байланыштуу Ошто жана Жалал-Абадда өз мониторингин жүргүзүп жатат.

Кечээ, 9-апрелде "Улуттук оппозициялык кыймыл" уюмунун өкүлдөрү аларга белгисиз бирөөлөр үйүнө кирип барып кол салганын билдирген. Бирок милиция мындай окуя орун албаганын айтууда. (RK)

XS
SM
MD
LG