Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Таласта өткөн айдагы катуу шамалдан жабыркаган үй ээлерине 3 миңден ашуун шифер таратты. Жакында дагы берилерин министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.
Расмий маалымат боюнча Талас облусунда 24-марттагы катуу шамал келтирген материалдык чыгым 3,5 миллион сомдон ашкан.
Кара-Буура районундагы Аманбаев, Шекер, Ак-Чий жана Маймак айыл аймактарында үйлөр, социалдык объекттер жабыркаган. Секундасына 30 метрге чейин жеткен шамал 10 175 даана шиферди учуруп кеткен. (SE)