Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:25

Ооганстанда бомба чабуулу 15 адамды апаат кылды


10-апрелде Газни провинциясында жолго коюлган бомбага кабылып, 12 адам өлгөнү расмий кабарланды.

Ушул эле күнү Нангархар провицинциясында автомобилчен жанкечти НАТОнун аскер конвоюн сүзгөндө үч жаран жайран болуп, төрт адам жабыр тартты. Бомба чабуулу провинциянын борбору Жалалабад шаарынын ныптасындагы АКШнын аскер базасына чукул жерде болду. Ал үчүн жоопкерчиликти талиптер алды.

Бейшемби күнү талиптер Мазари-Шариф шаарында жайгашкан соттун имаратына кол салып, коопсуздук күчтөрүн алты саат камап турган. Салгылашта 10 адам, анын ичинде беш полициячы өлгөн. Ондогон адамдар жараат алган. (АU)

XS
SM
MD
LG