Оппозициячыл топтун лидери жана төрт мүчөсү 8-апрелде массалык бейбаштык уюштурган деп шектелгенин Армениянын тергөө комитетинин өкүлү Соня Трузян “Азаттык” радиосуна билдирди.
Бул топ 24-апрелде Осмон түрктөрү уюштурган армян кыргынын эскерүүнүн 100 жылдык мааракеси учурунда антиөкмөттүк акцияларды уюштурууну мерчемдеп жатканын жарыялаган.
Биринчи Дүйнөлүк согуш кездеги береги алааматта жана армяндарды күчтөп көчүрүүдө - көптөгөн тарыхчылардын ырасташынча, 1,5 миллиондой адам кырылган. Аны бир нече мамлекет геноцид деп тааныган. Түркиянын айтымында, армяндар атайылап кырылган эмес, алар ич ара согушта өлгөн. (AU)