АКШ жана Кубанын тышкы иштер министрлери 50 жылдан ашык убактан бери биринчи мертебе кездешти. Жон Керри жана Бруно Родригес 9-апрелде Панама шаарындагы Америка саммити алдында купуя сүйлөштү. АКШдагы расмий булактын билдиришинче, “эки жак ортодогу талкуу маселелерди чечүүнүн үстүнөн иштешүүнү уланталы” деп макулдашты.
Президент Барак Обаманын айтымында, Вашингтон Кубаны террорчулардын тизмесинен алып салуу маселесин карап бүткөн жана тез арада муну ары же бери чечкени турат. Панамадагы жыйында Барак Обама жана Кубанын президенти Раул Кастро кездешет деп расмий түрдө пландалган эмес.
Америка саммитине Куба биринчи ирет чакырылды.