Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:01

Ошто партиялардын жармаңкеси өтүп жатат


Ош улуттук драма театрында “партиялардын жармаңкеси” аттуу иш-чара өтүп жатат. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлашты.

Жармаңкеге 12 саясий партия катышып жатат. Алар өздөрүнүн программаларын шайлоочуларга тааныштырууда. Миңге чукул адамды чогулткан иш-чарага КСДП, “Ата Мекен”, “Республика Ата-Журт” партияларынын Оштогу өкүлдөрү да катышууда.

Кыргызстанда расмий каттодон өткөн саясий партиялардын саны 200дөн ашты. Быйыл күздө Жогорку Кеңешке кезектеги шайлоо өтөт. (ErN)

XS
SM
MD
LG