Бул тууралуу УОКтун лидерлерин коноктоп жатканда үйүнө белгисиз адамдар бастырып келип, тополоң салды деген Абдылда Капаров “Азаттыкка” өзү билдирди.
Анын айтымында, бойго жеткен кызы Элвира Капарова 9-апрелде болуп өткөн ызы-чуудан бери өзүнө келе албай жатат. “Түнү уктай албай, күндүзү тамак жебей шаардык оорукананын кардиология бөлүмүнө жаткырылды” -дейт ал.
Ош облустук милициясынын мурунку жетекчиси Абдылда Капаров 9-апрелде УОКтун лидерлери Бектур Асанов, Улукбек Маматаев Төлөгөн Келдибаев жана Кубанычбек Кадыровду коноктоп жаткан учурда үйүнө белгисиз адамдар бастырып келип, аларды томоктогонун айткан. (YI)