Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:55

Каракол: укук коргоочунун куугунтукталышы боюнча кайрадан иликтөө жүргүзүлөт


“Вентус” коомдук бирикмесинин төрагасы, укук коргоочу Камил Рузиев Башкы прокуратура анын зордук-зомбулукка кабылганы боюнча ишти кайра териштирүүгө жөнөткөнүн “Азаттыкка” билдирди.

Камил Рузиев мындан эки ай мурун Каракол шаарындагы №3 тергөө абагына кыйноо фактысы боюнча иликтөөгө барган учурда, белгисиз адамдар анын улутуна асылып, өлтүрөбүз деп коркутушкан. Айтымы, окуяга күбө болуп турган тартип коргоо органдары эч кандай аракет көргөн эмес. Жаалданган топ Камиль Рузиевди “Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борборунун” координациялык кеңешинин мүчөлүгүнөн кетүүнү жана тергөө абагынын кызматкерлерине карата дооматтан баш тартууну талап кылып, кысымга алышкан.

Кийин белгилүү болгондой алар айыпталуучу Элдияр Асылбеков өлтүрдү делген кыздын айылдаштары болуп чыккан. Элдияр Асылбеков болсо тергөө абагында кыйноого кабылганын билдирген эле. Бул боюнча укук коргоочу прокуратурага арыз менен кайрылып, бирок Ысык-Көл облустук прокуратурасы бул иште кылмыштын курамы жок деген жүйө менен иш козгоодон баш тарткан. Облпрокуратуранын бул чечимин Башкы прокуратура жокко чыгарып, кошумча тергөө башталды. (AsA)

XS
SM
MD
LG