Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:46

НАТО аскердик ири машыгууларды баштады


Британ аскерлери ишембиде Joint Warrior деп аталган деңиздеги салттуу машыгууларды баштады. Аскердик машыгуу эки жумага созулат. Ага НАТОго мүчө 15 өлкөдөн 55 согуштук кеме, 70 учак жана 13 миң деңиз аскерлери катышууда. .

Эки жылда бир болчу машыгуу бул жолу эң ири масштабда Шотландиянын деңиз жээгинде өтүп жатат. Аскердик окууларда деңиз алдындагы кемелерге каршы тактикалар да иштелет.

Daily Telegraph басылмасы НАТОнун командачылыгына таянып жазышынча, бул жолку машыгуулар Орусиядан коркунуч болот деп чочулаган өлкө башчыларын жоошутууга багытталат.

XS
SM
MD
LG