Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:20

13 кыргыз айдоочу Тараз абагында бир жылдан бери камакта


Казакстандын Тараз шаарынын тергөө абагында кыргызстандык 13 айдоочу бир жылдан бери кармалып турат. Бул тууралуу алардын жакындары “Азаттыкка” кабарлашты. Жалданма айдоочулар жүк ташуучу 14 машине менен Бишкектен Казакстанга кийим-кече ташып баратышканда аткезчилик деген айып менен өткөн жылдын 9-апрелинде кармалышкан.

Айдоочулардын биринин жубайы Тилек Телтаева бул боюнча Кыргызстандын Казакстандагы элчилигине, тиешелүү органдарга, президентке кайрылганын, бирок эч кандай жардам көрсөтүлбөй жатканын айтты. Тышкы иштер министрлиги бул боюнча өлкөнүн Казакстандагы баш консулу иштеп жатканын, сот отуруму 16-апрелде Алматыда болорун билдирди.

14 айдоочунун бири качып кетип ошол боюнча дайыны белгисиз. 13 кыргызстандыкка аткезчилик кылган, чек араны мыйзамсыз өткөн жана уюшма кылмыштуу топтун мүчөлөрү деген беренелер боюнча айып тагылууда. Кармалгандар жалданма айдоочулар болгон. Ал эми товарлардын ээлери милиция унааларды текшерип жаткан учурда качып кетишкен. (UEz)

XS
SM
MD
LG