Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:53

Хакасияда өзгөчө кырдаал жарыяланды


Хакасиядагы өрттөн 100дөн ашык үй күйүп кетти.
Хакасиядагы өрттөн 100дөн ашык үй күйүп кетти.

Хакасиянын бир нече айыл-кыштагын каптаган өрттөн эки адам набыт кетип, 70тен ашык киши жарадар болду. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жергиликтүү бийликке шилтеме жасап маалымдады. Жүздөн ашык турак жай толугу менен күйүп кетти. Аймакта өзгөчө кырдаал жарыяланды.

Өрттү өчүрүү үчүн Москвадан Ил-76 үлгүсүндөгү эки учак чыкты. Коргоо министри Сергей Шойгунун буйругу менен өрттү өчүрүүгө 700дөн ашык аскер, 40тай аскерий жана атайын техника тартылды.

Алдын ала маалыматтарга караганда, тилсиз жоо кургак чөпкө түшкөн учкундан тутанган. Анын тез тарашына ылдамдыгы секундасына 30 метрге жеткен шамал түрткү болгон.

XS
SM
MD
LG