Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:00

Хиллари Клинтон президенттикке ат салышарын расмий жарыялады


Хиллари Клинтон 2016-жылы өтө турган шайлоодо президенттикке ат салыша турганын жекшемби күнү расмий жарыялады. Президент Барак Обама анын “күчтүү талапкер” экенин айтып, бардык тараптан колдоо көрсөтүүгө даярдыгын белгиледи.

Клинтон алгач Твиттердеги баракчасына жазып, андан соң интернет аркылуу видеокайрылуу жасап, Демократиялык партиядан президенттик шайлоого бара турганын жарыялады.

Нью-Йорк штатынын мурдагы сенатору Хиллари Клинтон 2008-жылы партия ичиндеги атаандашы Барак Обамага жол бошотуп берген. 2009-2013-жылдары Обаманын администрациясында АКШнын мамлекеттик катчысынын кызматын аркалаган.

XS
SM
MD
LG