Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:15

Абакандагы өрттө кыргыздар жабыркады


Хакасиянын борбору Абакандагы өрттөн кыргызстандыктар да жабыркады. Миграция, жаштар жана эмгек министрлигинин басма сөз катчысы Айсулу Исабек кызынын “Азаттыкка” айтымында, кырсыкта Орусиянын жарандыгын алган 12 мекендештин үйү өрттөнгөн.

Маалыматтарда тилсиз жоодон каза болгондор бар экени жана 70тен ашууну жарадар болгону айтылууда. Миграция, жаштар жана эмгек министрлиги каза болгондор арасында кыргызстандыктар жок экенин билдирди. Учурда тактоо иштери жүрүүдө.

ТАСС агенттиги жергиликтүү бийликке шилтеме жасап жүздөн ашык турак жай толугу менен күйүп кеткенин, аймакта өзгөчө кырдаал жарыяланганын жазган. Алдын ала маалыматтарга караганда, тилсиз жоо кургак чөпкө түшкөн учкундан тутанган. Анын тез тарашына ылдамдыгы секундасына 30 метрге жеткен шамал себеп болгон.

Расмий маалыматтар боюнча 500 миңдин тегерегинде кыргызстандык Орусияда эмгектенет. Бейрасмий маалыматтар боюнча бул сан миллионго чукул экени айтылып жүрөт. Абаканда иштеген кыргызстандыктардын басымдуу бөлүгү Орусиянын жарандыгын алган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG