Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:32

Лаврова: кызматтан кетүүмдүн саясий себеби жок


Бүгүн мурдагы каржы министри Ольга Лаврова маалымат жыйын өткөрүп, кызматтан өз каалоосу менен кеткенин, эч кандай басым болбогонун билдирди.

Кызматка келип жатканда өлкө бюджетин турукташтыруу тапшырмасы коюлган. Мен алдыма коюлган милдеттерди аткардым деп ойлойм”, - деди Лаврова. Ал башка кызматка сунуш болгонун, азырынча ойлонуп жатканын айтты.

Президенттин жардыгы менен Ольга Лаврова бүгүн берген арызына жараша финансы министри кызматынан бошотулган. Ольга Лаврова кызматынан бошотуу тууралуу өткөн жуманын соңунда арыз жазган эле. Айрым маалыматтарга караганда, Ольга Лаврова “Газпромдун” структураларына кызматка барат.

Өкмөттөгү ишенимдүү булактардын билдиришинче, министрлик кызматка азыркы орун басар Алмазбек Азимовдун талапкерлиги сунушталышы мүмкүн. (КЕ/AiT)

XS
SM
MD
LG