Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:37

Бишкекте 13 жаштагы кыз өз жанын кыйды

Бишкетеги хореографиялык мектеп-интернаттын 13 жаштагы окуучусу өз жанын кыйды. Бул маалыматты аталган интернаттын директору Эрик Латыпов “Азаттыкка” тастыктады. Анын айтымында, өз жанын кыйган кыз мектепте жакшы окуучу жана ачык-айрым болчу. Жашоо-турмушу да жакшы экени айтылды.

“Эмне болгонун билбейбиз. Мектептеги алдыңкы окуучулардын бири эле. Эгер кандайдыр бир көйгөйү болсо биз буга чейин коңгуроо кагып чыгат элек. Тескерисинче көптөрү ага теңелгиси келчү”, - дейт мектеп жетекчиси.

Маалыматтарга караганда, окуучу ушул дем алыш күнү өз үйүндө асынып алган. Учурда анын себептери териштирилүүдө.

2014-жылы 106 бала өз өмүрүнө кол салган. Быйыл эки айдын ичинде эле өз өмүрүн кыйган өспүрүмдөрдүн саны 21ге жеткен. Адистер балдар өлүмүнө ата-энелер менен баланын ортосунда диалогдун азайып кеткени негизги себеп дешет. Ошондой эле социалдык теңсиздик, жоопсуз сүйүү ушундай кайгылуу окуялар менен бүтөрүн айтышат психологдор. (КЕ)

XS
SM
MD
LG