Бул тууралуу “Азаттыкка” Хакасиядагы “Мен кыргызмын” уюмунун президенти Азиз Чекиров билдирди. Анын айтымында, Бийск аймагында жашаган тогуз кыргызстандыктын үйү күйүп кеткен. Алар аталган аймактагы администрациянын бир имаратына жайгаштырылды.
-Жалпысынан Бийск районунан 37 кыргызстандык кайрылды. Алардын үчөө гана Орусиянын жараны. Ал эми Ширин районунан экөө, Орджоникидзеден бир, Алтайдан үч, Усть-Абакандан беш адам кайрылды. Бул бизге кайрылгандары гана. Кечинде жети кишинин үйүн өрттөн аман сактап калдык, - деди Чекиров.
Хакасиядагы кыргызстандыктар акча жана өтө зарыл нерселерди чогултуп жабыркандарга жеткирип беришти. Учурда өрттөн жабыркагандардын тизмесин тактоо иштери жүрүүдө.
Орусия бийликтеринин маалыматтарына караганда, Хакасия Республикасынын аймагында чыккан өрткө 20га жакын шаар-кыштак чалдыгып, жүздөгөн тургундар жабыркады. (КЕ)