Иранга С-300 үлгүсүндөгү ракеталык система сатууга киргизилген чектөөнү орус президенти Путин бүгүнкү жарлыгы менен жойду.
Орусия мындай чектөөгө 2010-жылы Батыштын кысымы астында барып, Иран мурда түзүлгөн контрагын үзгөн эле.
Эми ал чектөө Иран дүйнөнүн алты державасы, анын ичинде Орусия менен өзөктүк программасына байланышкан талашты жөнгөрүү боюнча келишимдин негизги жоболорун макулдашкандан эки аптадан кийин жоюлуп жатат.
Орусиянын бул кадамы Израилдин нааразылыгын жаратары шексиз. Расмий Тель-Авив буга чейин Москваны Тегеранга С-300 үлгүсүндөгү ракеталык системаларды сатпоого чакырып келген.
Путиндин бүгүнкү жардыгы Тегерандын өзөктүк программасы боюнча жыйынтык келишим жетишилип, ага каршы киргизилген санкциялар жоюлган учур үчүн Москванын Ирандагы турумун чыңдоо мүдөөсү болушу мүмкүн. (UE)