Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:23

Берлинде Украина боюнча сүйлөшүүлөр башталды


Берлин сүйлөшүүсүнө чогулган тышкы иштер министрлери. 13-апрель, 2015-жыл.
Берлин сүйлөшүүсүнө чогулган тышкы иштер министрлери. 13-апрель, 2015-жыл.

Германиянын борборунда дүйшөмбүнүн кечинде башталган сүйлөшүүлөрдө Украинанын чыгышында ок атышууну токтотуу келишими кандай аткарылып жатканына баа берилет.

Жыйынга немец, француз, орус жана украин тышкы иштер министрлери чогулду.

Жыйынды утурлай немец тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер Москва менен Киевди Минск келишимин аткарууда алга жылып, эми кийинки этапка киришүүгө чакырган.

Штайнмайердин айтымында, сүйлөшүүлөрдө саясий жараянды кантип баштоо жана жумушчу топторду түзүү маселеси талкууланат.

Минск келишиминде Киевдеги борбордук бийлик менен Луганск жана Донецк облустарынын бөлүктөрүн көзөмөлдөгөн жикчилердин алака-катышын жөнгөрүү шарттары да каралган.

Бирок келишимдин ушул бөлүгүнүн аткарылышы азырынча күмөн саноолорду жаратууда.

Ок атышууну токтотуу боюнча быйыл февралда Минскте жетишилген келишим Украинанын чыгышында урушту басаңдатты.

Бирок ал утур-утур бузулуп жатканы да кабарланып келет. Былтыр жазда тутанган жаңжал андан бери алты миңден ашуун кишинин өмүрүн алды. (UE)

XS
SM
MD
LG