Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:00

Асел Жураеванын тасмасы Сеулдагы фестивалда көрсөтүлөт


Асел Жураева эл аралык фестивалдардын биринде.
Асел Жураева эл аралык фестивалдардын биринде.

Режиссер Асел Жураеванын “Чырак” тасмасы Сеулда өтө турган аял кинорежиссерлордун 17-эл аралык фестивалында (SIWFF) көрсөтүлөт. Иш-чара 27-майдан 3-июнга чейин өтөт.

Кыргыз киноматографтарынын өнүгүү фонду билдиргендей, аталган фестивалга катышуу үчүн дүйнөнүн 20 мамлекетинен 415 арыз түшкөн. Алардын арасынан 21 фильм тандалып алынган.

26 жаштагы Асел Жураеванын “Чырак” тасмасында Бишкектен 15 километр алыста жайгашкан айылдагы үй-бүлөнүн электр энергиясыз жашоосу чагылдырылган. Режиссер буга чейин да бир катар эл аралык фестивалдарга катышкан. (SE)

XS
SM
MD
LG