Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:14

Базар-Коргондун Чарбак айылында жер көчкү коркунучу пайда болду

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Чарбак айылында жер көчкү коркунучу пайда болду. 13-апрель күнү Арстанбап сайынын оң жээгинде узундугу 400, туурасы 80 метрди түзгөн көчкү жаракалары пайда болгонун Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Кооптуу деп саналган жерде жогорку чыңалуудагы 1 электр мамычасы жана беш турак үй жайгашкан. Жашоочулар туугандарынын үйлөрүнө убактылуу көчүрүлдү. (SE)

XS
SM
MD
LG