Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:06

Кадыралиевге байланыштуу көзөмөл арыз бир айдын ичинде каралат


Бул тууралуу Башкы прокуратуранын Басма сөз кызматынын өкүлү Санжар Абжалов бүгүн “Азаттыкка” билдирди. Канжар Кадыралиевдин баш коргоо чарасын өткөн жума күнү Бишкек шаардык соту карап, үй камагына чыгаруу тууралуу чечим кабыл алган. Мамлекеттик айыптоочулар шаардык соттун чечимин бузуу боюнча Жогорку Сотко көзөмөл арыз менен кайрылган болчу. Ал эми адвокат Икраимидин Айткулов Кадыралиевдин баш коргоо чарасы анын ден соолугу жана тергөөгө өз эрки менен келгени эске алынып аныкталганын “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, учурда айыпталуучу ооруканада.

Канжар Кадыралиевди бир айга камакка алуу чечимин 28-мартта Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту чыгарган. Бирок ал ден соолугуна байланыштуу ооруканага жаткырылып, кайтарууда болчу.

Башкы прокуратура буга чейин депутат Ыргал Кадыралиеванын бир тууганы Канжар Кадыралиевге карата бейбаштык, опузалоо жана өзүм билемдик боюнча кылмыш ишин козгоп, аны Ош шаардык прокуратурасындагы кызматынан бошоткон. Мындан кийин Ош шаардык соту аны камакка алуу чечимин сыртынан чыгарган. Андан бери Кадыралиев кайда экени белгисиз болуп, Интерпол аркылуу да изделип жаткан. 26-мартта Кадыралиев ден соолугуна байланыштуу дарыгерлерге кайрылып, андан кийин өз эрки менен прокуратурага келген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG