Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:41

Хакасияда аза күтүшүүдө


Мамлекеттик мекемелерде желектер түшүрүлдү
Мамлекеттик мекемелерде желектер түшүрүлдү

Хакасияда өрттөн мерт кеткен 23 кишиге аза күтүшүүдө. Орусиянын чукул кырдаалдар министрлиги маалымдагандай, ондогон шаар кыштактарда бир миңге жакын киши жарадар болду. Бир жарым миңдей турак жай өрттөнүп, кеминде 5 миң киши үйсүз калды. Жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар да бар.

Кургак чөп менен жалбырактарды күйгүзгөндөн тутанган өрт катуу шамалдан улам тез жайылып кеткен. Сибирдин Алтай, Тыва, Забайкалье, Красноярск жана Иркутск чөлкөмдөрүндө да жабыркагандар тууралуу кабарланууда.

Ал тапта Бээжиндин "Синхуа" агенттиги бүгүн өрт Кытай тарапка да жайылганын, Ички Монголия аймагында 30 чакты үй, башка имараттар күйгөнүн кабарлады.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG