Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:08

Вице-консул Хакасиядагы кыргызстандыктардан кабар алганы жөнөп кетти


Кыргызстандын Новосибирскидеги вице-консулу Калдар Маматалиев Хакасияда өрттөн жабыркаган кыргызстандыктардан кабар алганы жөнөп кетти. Бул тууралуу “Азаттыкка” Екатеринбургдагы башкы консул Төлөнбай Кожобаев бүгүн билдирди.

Хакасия Республикасынын аймагында чыккан өрткө 20га жакын шаар-кыштак чалдыгып, жүздөгөн тургундар жабыркады. Бул кырсыкта Бийск аймагында жашаган 9 кыргызстандыктын үйү өрттөнгөнүн Абакандагы “Мен кыргызмын” уюмунун президенти Азиз Чекиров билдирген. Учурда башка аймактагы кыргызстандыктардан кабар алуу, тактоо иштери жүрүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG