Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:27

АКШнын менчик компаниясынын коопсуздук кызматкерлери Ирактагы окуя үчүн соттолду


АКШда Blackwater менчик коопсуздук компаниясынын мурдагы 4 кызматкери соттолду. Алар 2007-жылы карапайым 14 ирактыктын өлүмү үчүн айпыталган. Бирөө өмүр аягына чейин калгандары 30 жылга абакка кесилди.

Окуя 2007-жылдын 16-сентябрында Багдаддын борборунда болгон. Авто кербенди коштоп бараткан күзөтчүлөр туш келди ок чыгара башташкан. Натыйжада 17 киши мерт кеткен. Федералдык иликтөө бюросунун тергөөчүлөрү АКШнын аскерий мекемеси менен контракт боюнча иштеген компаниянын күзөтчүлөрү гранатомет жана башка куралды колдонуп, өзүн коргоо чегинен аша чапкан деген бүтүмгө келишти. Ирактан чакырылган күбөлөр алар окту туш келди жаадырышканын айтышты. Адвокаттар болсо адегенде кербенге ок чыгарылганын ырастап келишкен.

2009-жылы Ирак өкмөтү компаниянын лицензиясын узартпай койгон.

XS
SM
MD
LG