Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:16

Аба ырайы: 15-апрелде жаан жаайт


Шашылыш эскертүү

15-16-апрелинде аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге чейин жетет. Мындай бороон-чапкындуу аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кыштоо жайыттарда малды кармоону кыйындатат. Ал жемиш бактарынын гүлдөрүнө да коркунуч туудурат.

15-апрелде Кыргызстандын аймагында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Тоолу аймактарда жолдор тоңголок, тайгак болот.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 11...16, күндүз 13...18,
Таласта түнкүсүн 10...15, күндүз 11...16,
Баткенде түнкүсүн 10...15, күндүз 13...18,
Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн 10...15, күндүз 14...19,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 5...10, күндүз 13...18,
Нарында түнкүсүн 2...7, күндүз 13...18,

Бишкекте 15-апрелде мезгил-мезгили менен нөшөрлүү жаан жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 14....16 градус, күндүз 16...18 градус жылуу болот.(КЕ)

XS
SM
MD
LG