Улуттар Уюму сексуалдык зомбулук боюнча жаңы докладында 2014-жылы “Ислам мамлекети” жана Ал-Кайида уюмдары тарабынан жасалган зордуктоо, кыздарды күчтөп турмушка берүү фактылары үрөй учурат деп жазат.
БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун Ирак, Сирия, Сомали, Нигерия, Мали, Ливия жана Йеменде экстремисттик идеологияны жайылткан куралдуу топтордун сексуалдык зомбулугуна байланыштуу камтамасын билдирди.
Изилдөөгө караганда, Ирак, Сирия жана Нигерияда андай кылмыштар экстремисттик уюмдардын “стратегиялык максаттары, идеологиясы жана каржылоосуна түздөн түз байланган”. Докладда акыркы бир нече айда Ирактагы сексуалдык кулчулукка бир жарым миңдей карапайым аял заты түшкөн болушу мүмкүн деп белгиленет.