Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибековдун ишин кароону улантууда. Бүгүн депутаттар Нурбек Мурашев жана Назарали Арипов Жогорку Кеңештин Орусиядагы өкүлчүлүгүн ачуу маселесине байланыштуу көрсөтмө беришти. Бул тууралуу “Азаттыкка” Келдибековдун коомдук коргоочусу Мамбетжунус Абылов билдирди. Анын айтымында, эл өкүлдөрү өкүлчүлүктү ачууда мыйзам бузуу болбогонун, көпчүлүк депутаттар “макул” деп өз эрки менен добуш бергенин айтышкан.
“Ата Журт” фракциясынын мүчөсү Келдибеков коррупция жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталууда. Ал өзү коюлган айыптарды четке кагып жүрөт. (КЕ)